28.05.2018 10:52

Бишкекке 9 миң сомдук көчөттөрдү сатып алуу боюнча тергөө жүрүп жатат

Бишкекке 9 миң сомдук көчөттөрдү сатып алуу боюнча тергөө жүрүп жатат

Бишкекке 9 миң сомдук көчөттөрдү сатып алуу боюнча  тергөө жүрүп жатат. Бул туурасында Коопсуздук кызматынын басма-сөз борборунан билдиришти. 

«МУКК 2018-жылдын 25-апрелинде козголгон “Зеленхоз” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине  тарабынан тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттары, 304- беренесинин 2-бөлүгү жана 306-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат», -деп айтылат билдирүүдө.

Такталган маалымат боюнча, 2017-жылы 23-октябрда көчөттөрдүн айрым түрлөрүн 9090 сомдон сатып алуу үчүн «Арт Грин» ЖЧК менен келишим түзүлгөн.

Бекитилген бюджеттик пландын негизинде ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу максатында 2017-жылга карата май айында 60 000 000 сом каралган.

2017-жыл аралыгында «Арт Грин» ЖЧК менен жалпы суммасы 18 615 980 сомго барабар 4 келишим түзүлгөн. Мындан сырткары «АГТ Азия» ЖЧКсы менен жалпы суммасы 8 948 816 сомдук 2 келишим жана «Зиар Строй» ЖЧК менен 14 481 000 сомдук 6 келишим түзүлгөн.

«Учурда кылмыш ишинин алкагында тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча аудит жүргүзүлүүдө», -деп билдирет МУКК.

Тергөө жүрүп жатат.